KELECHEK
rek

Казакстан жетим балдарга жардам берген америкалыкты депортациялоо ниетинде

Казакстан жетим балдарга жардам берген америкалыкты депортациялоо ниетинде

Америкалык Виктория Шарбон Казакстанда дээрлик 20 жылдан бери жашайт. Тараз шаарында ал жалгыз бой энелер жана жетим балдар үчүн кайрымдуулук фондун ачкан. Өлкөдө жашап турууга арыз жазган маалда котормодон ката кеткендигине байланыштуу эми депортацияланышы мүмкүн.

Сот аны күнөөлүү деп таап, беш күн аралыгында Казакстандан чыгып кетүүнү талап кылды. Ал беш жыл бою өлкөгө кирүү мүмкүнчүлүгүнөн дагы ажыратылды.

2010-жылы Виктория Шарбон кесиптеши Элизабет Тарнок менен Казакстанга келип, Тараз шаарында жетим жана майып балдар, жалгыз бой энелер үчүн “Камкор жүрөк” деген кризистик борбор ачкан. Учурда фонддун карамагында 36 бала бар. Виктория бул өлкөгө 2000-жылдардын башында эле социалдык жумушчу катары келип иштеп жүргөн.

2018-жылы Виктория Казакстанда жашап турууга укук берген документ алган. Декабрда ал Алматыдан Тараз шаарына кайра катталуу үчүн миграциялык кызматка арыз жазган. Документ орус тилинде болгондуктан, Виктория аны толтуруу маалында ката кетирип алган. “Мурда туруктуу жашап туруу үчүн документ тапшырдыңыз беле” деген суроону “Мурда Казакстанда жашап туруу боюнча документ алдыңыз беле” деп түшүнүн, “жок” деп жооп берген. Бирок мурун ал Казакстанда туруктуу жашоо үчүн документ тапшырган, 2014-жылы бул өтүнүчү канааттандырылган эмес.

Бир нече ай өткөндөн кийин миграция кызматкерлери документтен ката таап, Виктория Шарбонду сотко беришкен. Ал “Казакстандын мамлекеттик органдарына атайлап жалган маалымат берүү” беренеси боюнча айыпталууда. Адвокат Жангелди Сулейманов кылмыш мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу сот Викторияны өлкөдөн депортациялоо боюнча чечим чыгарууга укугу жок болчу деп эсептейт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53