"Коммерсантъ" SSJ-100 учагынын кырсыкташына учкучтардын аракети себеп болушу мүмкүн
41 адамдын өмүрүн алган "Сухой Супержет" учагынын "Шереметьево" аэропортунда кырсыкка учурашына учкучтардын аракети себеп болушу мүмкүн. Бул тууралуу "Коммерсантъ" гезити эксперттерге шилтеме берүү менен билдирүүдө.
Басылмага маек бергендер авариялык конууга жана күйүп кетүүгө алып келген бир нече катачылыктарды аташкан. Алардын биринчиси – учкучтардын чагылгандуу фронт менен учушу, экинчиси – чагылган тийип, автоматика иштебей калгандан кийин дароо конуу тууралуу чечим кабыл алуу. Учкучтар абада бир нече саат кармалып, күйүүчү майды коротуп, андан кийин консо, жоготуулардын алдын алууга мүмкүн болмок деген пикирлер бар.
Эксперттер учкучтар тикелей төмөндөө ылдамдыгын ашырып жибергенин, буга байланыштуу учак жерге катуу тийгенин айтышууда.
Жерде бир нече жолу секирген учакты турукташтырууга мүмкүн болгон эмес, бактан май чачырап, өрт чыккан. Учак жерге катуу тийгенде артта отурган жүргүнчүлөр жаракат алып, өз алдынча салондон чыгып кете алышкан эмес, деп жазды "Коммерсантъ".
Кырсыкка учактын жерге катуу конушу жана учкучтардын катачылыктары турткү болгону тууралуу расмий билдирүү болгон жок. Эл аралык авиакомитеттин эксперттери 6-майдан тарта кара кутудагы жазууну иликтей башташты.
Күйүп кеткен учакты Тергөө комитетинин кызматкерлери да карап чыгышты. Тергөөчүлөр учкучтардын аракетинен тышкары учакты тейлеген диспетчерлердин жана механиктердин ишин дагы иликтөөдө.
5-майда Москвадан Мурманскиге жөнөгөн кезде кырсыкка кабылган "Sukhoi Superjet" учагында бараткан 78 кишинин 41и каза тапкан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди
АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-07-05 23:23
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04