KELECHEK
rek

УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталинов бошотулду

УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталинов бошотулду

Бишкек шаардык соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы башчысы Мурат Суталиновду ден соолугуна байланыштуу абактан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Мурат Суталиновдун саламаттыгы начарлап кеткенине байланыштуу аны эркиндикке чыгаруу маселеси жарым жылдан ашуун убакыттан бери каралып келатат. Ленин райондук соту 15-февралда аны эркиндикке чыгаруудан баш тарткан чечим чыгарган.

Мурат Суталинов сот залынан бошотулгандан кийин "Азаттык" радиосунун суроолоруна жооп берип жатып, дарыланууну Кыргызстанда улантарын билдирди.

- Бул жактын онкология ооруканасында жакшы дарылап жатышат. Чет жакка кетпейм. Бул жерде эле болом. Бошогондон кийин башка жакка кетип калат деп ойлошот окшойт. Эч жакка барбайм, - деди Суталинов.

Ал ошондой эле Апрель окуясы үчүн моралдык жоопкерчиликти сезерин, бул үчүн жабыркаган тараптан кечирим сурап келатканын жана бүгүн бошорун күтпөгөнүн айтты.

Дарыгерлер Суталинов өсмө оорусуна чалдыкканын жана дарты өтүшүп кеткенин белгилеп жатышат. Ал 2010-жылдагы апрель окуясындагы кан төгүүгө байланыштуу айыпталып, 20 жылга соттолгон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53