Трамптын мурдагы юристи үч жылдык жазасын өтөө үчүн түрмөгө жеткирилди
АКШ президенти Дональд Трамптын адвокаты Майкл Коэн Нью-Йорктон 100 чакырым аралыкта жайгашкан Отисвилл айлындагы түрмөгө жеткирилди. Ал бул жерде үч жылдык жаза мөөнөтүн өтөйт.
Коэн журналисттерге берген комментарийинде “чындыкты бөлүшө турган күндү” чыдамсыздык менен күтүп жатканын айтты. Ал азыркы өлкө жетекчисинде байкалган ксенофобияны, адилетсиздикти жана алдамчылыкты жектей турганын кошумчалады.
52 жаштагы Майкл Коэн былтыр 12 -декабрда салык төлөөдөн качканы, шайлоо өнөктүгүн каржылоо боюнча мыйзамды бузганы, Конгресске жалган маалымат бергени үчүн күнөөлүү деп табылып, үч жылга түрмөгө кесилген. 27-февралда Майкл Коэн Конгрессте көрсөтмө берип, Трампты "шылуун жана расист" деп атаган. Коэндин сөзүнө караганда, президент 2016-жылдагы шайлоо өнөктүгү учурунда Москвадагы "Trump Tower" долбоору боюнча жасалып жаткан иштерди билген, аларды башкарган, бирок кийин бул тууралуу жалган сүйлөгөн. Трамп Коэндин билдирүүсүн четке каккан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52