Жалал-Абад шаарында жолдорду оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат
Жалал-Абад шаарында быйылкы жылы жалпысынан 9200 чарчы метр жолду оңдоп-түзөө иштери каралган болсо, бүгүнкү күндө пландалган жумуштардын 40 пайыздан ашууну аткарылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык жол башкармалыгынын башчысы Алмаз Султанкулов билдирди.
Анын айтымында, бул жылы шаардагы 77 көчөдө узундугу 9200 чарчы метр келген жолдорду оңдоп-түзөө, жол четине тротуарларды куруу, эски тротуарларды калыбына келтирүү жана жаңы конуштарга жол куруу пландаштырылган. Бул иштерди ишке ашыруу үчүншаардык бюджеттен жалпы 18 миллион сом акча каражаты каралган.
- Бизде жумуш май айынан башталган, азыркы учурда шаар көчөлөрүндөгү бир катар жолдордо жумуш аяктаса, калгандарында иш кызуу жүрүүдө. Бөлүнгөн каражаттын 8 миллиону сом жолдордогу жаракаларды жамоого каралган. Андан тышкары, бүгүнкү күндө “Спутник” кичи районундагы жаңы конушта жайгашкан Профсоюз жана Арапбаев көчөлөрүнө узундугу 683 чарчы метр жол курулууда. Азыркы учурда шагыл төшөө жумушу аяктоо алдында турат. Аны менен катар “Пригородный” кичи районундагу төрт көчөнү оңдоп-түзөө иштери аткарылат. Шаардагы Мырзабеков, Дорожный, Б.Осмонов жана Ленин көчөлөрүн кеңейтүү иштери каралып, учура Ленин көчөсүн кеңейтүү жумуштары жүрүп жатат. Ал аяктаса, биз жолго асфальт төшөө иштерин баштайбыз, - дейт ал.
Жалпысынан алганда, шаардын жол кызматкерлери июндун аягына чейин аткарылуучу жумуштардын дээрлик жарымын аяктоону максат кылышууда.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13