KELECHEK
rek

Адвокат: Азимжан Аскаровдун үйү кайрадан камакка алынды

Адвокат: Азимжан Аскаровдун үйү кайрадан камакка алынды

Өмүр бою түрмөгө кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун үйү быйыл март айында кайрадан камакка алынган. Бул тууралуу анын адвокаты Валерьян Вахитов «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, 2010-жылы үй Аскаровго козголгон кылмыш ишинин негизинде камакка алынып, укук коргоочулардын жана адвокаттардын аракети менен кайра камактан чыгарылган. Кийинчерээк 2012-жылы Жалал-Абад облустук соту Базар-Коргондо өлтүрүлгөн милиционердин жубайынын өтүнүчү менен ага Аскаровдун эсебинен 170 миң сом моралдык чыгым төлөп берүүгө милдеттендирген. Вахитовдун айтымында азыр үйдү ошол чыгымды төлөп берүү үчүн камакка алышкан.

- Үй Азимжан Аскаровго энесинен мураска калган, - деди адвокат. - Ал өмүр бою түрмөгө кесилгенине байланыштуу, Аскаровдун байбичеси үйдү өзүнө каттатып алууга аракет кылганда облустук сот жети жыл мурунку чечимин эстей калып, үйдү кайрадан административдик иштин негизинде камакка алды. Бирок мыйзам боюнча алар үйдү камакка ала алышпайт. Анткени ал үйдө Аскаровдун улгайган байбичеси бала-чакасы менен жашап турат. Сот буларды эске алууга тийиш эле.

Адвокат учурда коомчулукка кайрылып, июнь коогасында өлтүрүлгөн милиционердин жубайына моралдык чыгым төлөп берүүгө көмөктөшүүгө чакырууда.

Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров «Базар-Коргондогу 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деген айып менен соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Февралдын аягында Аскаровдун зайыбы Хадича Аскарова, адвокат Валериан Вахитов жана «Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жиберишкен.

Анда быйыл күчүнө кирип, иштей баштаган жаңы кодекстерге ылайык жашы 60тан ашкан соттолуучуларга жеңилдик берүү тууралуу өтүнүч жазылган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53