KELECHEK
rek

Эмомали Рахмон дыйкандарды башка мезгилде орозо кармоого чакырды

Эмомали Рахмон дыйкандарды башка мезгилде орозо кармоого чакырды

Эмомали Рахмон. Архив сүрөт

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкө дыйкандарын орозону башка мезгилде кармоого чакырды.

Мамлекет башчы Рамазан айына карата жасаган телекайрылуусунда мусулмандар үчүн ыйык эсептелген бул ай быйыл өтө ысык учурга туш келгенин белгиледи. «Талаада иштеген же башка оор жумуштарды аткарган адамдар орозо кармаган учурда көптөгөн кыйынчылыктарга туш болуп, айрым учурларда бул алардын саламаттыгына коркунуч алып келиши мүмкүн», — деди президент.

Рахмондун айтымында, эгер дыйкан маңдай тери менен өстүргөн түшүм өз убагында жыйналбаса, анда айыл-чарба азыктары кымбаттап, бул ачарчылыкка да алып келиши мүмкүн. «Ислам диний аалымдарынын эмгектеринде жазылгандай, оор жумушта иштегендерге, анын ичинде дыйкандарга орозо кармабай коюуга уруксат берилет. Алар өздөрүнө ыңгайлуу болгон башка убакта орозо тутса болот», - деди мамлекет башчы.

Эмомали Рахмон мусулмандарды Рамазан айынын келиши менен куттуктап, бул айдын алдында өлкө базарларындагы баалардын жогорулап кетишин сынга алды.

«Дале болсо Рамазан айында жана майрам күндөрдүн алдында пайда көрүп калуу максатында бааларды жогорулатып жаткан учурлар байкалууда. Бул адамдардын маанайын бузуп, нааразылыктарды жаратууда. Мындай аракеттери менен соодагерлер өздөрүн гана эмес, туугандарын дагы ыйык айда бериле турган сооптордон кур калтырууда», - деди Рахмон.

​Быйыл Тажикстанда Рамазан айы бүгүн 6-майда башталды. Бул күнгө жакын өлкөдө эт, шекер, май, жер-жемиш, ун өндүү негизги азык-түлүк түрлөрү кымбаттап кеткен.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13