KELECHEK
rek

Кытайдагы казактардын укугун коргогон активисттин үй камагындагы мөөнөтү бир айга узартылды

Кытайдагы казактардын укугун коргогон активисттин үй камагындагы мөөнөтү бир айга узартылды

5-майда Нур-Султан шаардык тергөө соту Кытайдагы казактардын укуктарын коргоп келген белгилүү активист, «Ата журт ыктыярчылары» биримдигинин лидери Серикжан Билаштын үй камагындагы мөөнөтүн 10-июнга чейин узартты. Активист «улут аралык кастыкты козутууга» шектелип кармалган.

Сот отурумуна видеобайланыш аркылуу катышкан адвокат Айман Умарова Серикжан Билашты өзү жашаган Алматы шаарына которууну өтүндү. Жүйө катары ал Билаштын үй-бүлөсү — жубайы менен эки кичинекей баласы Алматыда экенин билдирди.

Соттун жүрүшүндө Серикжан Билаш өзү дагы сүйлөп, 10-мартта Алматыдан күчтөп алынып келингенден кийин аны Мухтар Аблязовго каршы көрсөтмө бердиртүү жана адвокат Аймар Умарованын кызматтарынан баш тарттыруу максатында кысым болгонун айтты. Ал бул иш саясий буйрук экенин белгиледи.

Өз кезегинде прокурор Канат Тлеужан адвокаттын өтүнүчүнө каршылык билдирип, Билашты Нур-Султан шаарында үй камагында калтыруу боюнча тергөөчүнүн сунушун колдоду.

Серикжан Билаш 10-мартта Алматыда кармалып, ошол эле күнү Нур-Султан шаарына жеткирилген. Эртеси сот аны үй камагына алып, шаардан чыкпоого милдеттендирген. Шаардык прокуратура активист Алматыдагы иш-чаралардын биринде чогулгандарды «кытай улутундагыларга каршы жихадга чакырган» деген айыптын негизинде кармалганын билдирген.

Муну менен катар «Ата журт ыктыярчылары» биримдигинин Алматыдагы кеңсесинде тинтүү жүрүп, жыйынтыгында ал жабылган. Кеңсе 2-апрелде гана ачылды. Уюмдун өкүлдөрүнүн айтымдарында, бирок полиция тинтүү маалында алынган бир катар маанилүү документтер менен электрондук маалыматтарды алып жүрө турган каражаттарды кайтарып беришкен эмес.

АКШнын Foreign Policy журналы «Ата журт ыктыярчылары» биримдигин Кытайдын «бекем жабылган Шиңжаң аймагына болгон көп эмес терезелердин бири» деп атаган. Түрдүү маалыматтарга караганда, кытай бийлиги аталган аймактагы лагерлерде 800 миңден эки миллионго жакын адамды мажбурлап кармап турушу мүмкүн.

13-мартта Казакстандын адам укуктары боюнча бюросу Норвегия-Хельсинки комитети менен биргеликте атайын билдирүү жасап, казак бийлигин Серикжан Билашты бошотууга чакырган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53