АКШ Жакынкы Чыгышка кошумча аскер ресурсун жөнөтүүдө
Кошмо Штаттар Иранга “ачык белги” берүү үчүн Жакынкы Чыгышка кошумча аскер ресурстарын жөнөтүүдө. Бул тууралуу Акүй билдирди.
«Эскалациялардын бир катар коркунучтуу белгилерине жооп иретинде Кошмо Штаттар USS Abraham Lincoln авиаташуучу кемеси башында турган чабуул жана бомбалоочулар тобун АКШнын Борбордук командачылыгы жооптуу аймактарга жөнөтүүдө», — деп айтылат АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтондун билдирүүсүндө.
Болтондун билдирүүсүндө АКШнын жана анын союздаштарынын кызыкчылыктарына коркунуч жараткандарга катуу чара көрүлөрү айтылган. Ал Кошмо Штаттар Ирандагы режим менен согушпай турганын, бирок Ислам революциясынын сакчылар корпусунун же Иран армиясынын соккуларына жооп берүүгө даяр экенин айтты.
Апрель айында Вашингтон 1-майдан тарта Тегерандан мунай сатып алууну уланткан тараптар санкцияга кабыларын айткан.
Ирандын Ислам революциясынын сакчылар кеңеши Вашингтондун бул кадамына жооп катары Перс жана Оман булуңдарын байланыштырган Ормуз кысыгын жаап салууга даяр экенин эскерткен.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52