KELECHEK
rek

Өзбекстанда интеллигенция өкүлдөрү орус тилине расмий тил макамын берүүнү сунушташты

Өзбекстанда интеллигенция өкүлдөрү орус тилине расмий тил макамын берүүнү сунушташты

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Өзбекстанга сапары алдында 20га жакын өзбек интеллигенция өкүлү орус тилине расмий тил макамын берүүнү сунушташты.

Арасында Өзбекстандын эл артисттери, белгилүү сүрөтчүлөрү жана кинематографисттери бар топтун бул сунушу орус пропагандасынын бир бөлүгү катары эсептелген интернет басылмаларга жарыяланды.

Маалыматка караганда, мындай сунуш Орусиянын «Россотрудничество» агенттигинин каржылык колдоосу менен иш жүргүзгөн Ташкенттеги орус маданий борборунун 25 жылдыгына арналган иш-чара маалында талкууланган.

Көптөгөн жылдар бою Өзбекстан президентинин басма сөз катчысы болуп иштеген белгилүү жазуучусу Мурод Мухаммад Дуст орус тилине расмий тил макамын берүү сунушу «жогору жактан» чыккан болушу мүмкүн деген божомолун билдирди. Ошол эле маалда өз эмгектерин эл аралык көргөзмөлөргө коюп келген өзбек сүрөтчүсү Вячеслав Ахунов мындай демилге көтөргөн интеллигенция өкүлдөрүн «колониалдык ой-жүгүрткөн адамдар» деп атады.

Өзбек ССРинин Жогорку кеңеши өзбек тилине мамлекеттик тил макамын берүү тууралуу мыйзамды ​1989-жылы 21-октябрда кабыл алган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13