KELECHEK
rek

Москвадагы учак кырсыгынан 41 адам каза болду

Москвадагы учак кырсыгынан 41 адам каза болду

Орусиянын Тергөө комитети Москвадагы «Шереметьево» аэропортунда кырсыкка учураган «Сухой Супержет» учагынын 40 жүргүнчүсү жана бир экипаж мүчөсү каза тапканын ырастады. Жалпысынан учактын ичинде 73 жүргүнчү жана беш экипаж мүчөсү болгон.

Учакка ээлик кылган «Аэрофлот» авиакомпаниясы кырсыкта аман калган 33 жүргүнчүнүн тизмесин жарыялады. Алардын бешөөсү ооруканага жеткирилсе, үчөөсүнүн абалы оор деп бааланууда. Мындан тышкары төрт экипаж мүчөсү, анын ичинде учкучтар аман калышкан.

5-май кечинде Москва — Мурманск багыты боюнча каттамды аткаруу үчүн асманга көтөрүлгөн учак жарым сааттан кийин авариялык конуу жасаган. Жүргүнчүлөр сыртка 55 секунддун ичинде учактын куткаруу шатысы аркылуу чыгарылган. «Аэрофлот» компаниясынын маалымат катчысы бул белгиленген убакыттан тез болгонун билдирүүдө. Бирок «Интерфакс» агенттиги өз булактарына таянуу менен учактын арткы бөлүгүндөгү жүргүнчүлөр чыгууга үлгүрбөй калганын жазды.

Учкуч Денис Евдокимовдун Bazа басылмасына билдиргенине караганда, асманда учакка чагылган тийип, анын системасынын бир бөлүгү иштебей калган. Буга чейин кабарлангандай, өрт абада тутанган эмес. Учкучтун айтымында, учактын конуусу бардык эреже жана талаптар боюнча ишке ашкан, ылдамдык да чектен жогору болгон эмес. Бирок конуу учурунда самолёт жерге катуу урунуп, ошол кезде өрт башталган. «Интерфакс» агенттигинин маалыматына ылайык, учак жерге үч жолу урунганда анын сыныктары кыймылдаткычка түшүп, жалын тутанган.

Интернетке учуу-конуу тилкесинде жалындап күйүп жаткан учактын видеолору жарыяланды. Күбөлөр жүргүнчүлөрдүн андан чыгып жатканы тартылган сүрөт жана видеолорду социалдык түйүндөргө жарыялашты.

Учактын куйрук бөлүгү дээрлик толугу менен күйүп кеткен. Маалыматка караганда, ал 2017-жылы өндүрүлүп, 2019-апрелде техникалык тейлөөдөн өткөрүлгөн.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кырсыктын себептерин иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...