KELECHEK
rek

Атамбаев жана «Апрель» телеканалы үч саясатчыга 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирилди

Атамбаев жана «Апрель» телеканалы үч саясатчыга 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирилди

Бишкек шаардык соту «Апрель» телеканалын Азимбек Бекназаровго, Акматбек Келдибековго жана Кеңешбек Дүйшөбаевге 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирди. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы аларга ушунча каражат төлөп берүүгө тийиш.

Чечим 2-майда кабыл алынганын «Медиа полиси» институту кабарлады.

Муну менен шаардык сот райондук соттун чечимин бираз өзгөрткөн. Буга чейин Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Апрель» телеканалын өз эфиринде төгүндөө жарыялаганга, ал эми Атамбаевди ар бир саясатчыга 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирген.

2018-жылы 10-декабрда Атамбаев «Апрель» телеканалына интервью берген. Доогерлер мурдагы президент алардын ар-намысынан шек келтиргенин билдиришкен. Атамбаевдин адвокаты жалаа жабуу же фактыларды бурмалоо болбогонун, арызданган үч саясатчынын кадыр-баркына доо келбегенин жүйө келтирген.

Азимбек Бекназаров, Акматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевди жана «Апрель» телеканалын былтыр жыл этегинде сотко беришкен. Алар «экс-президент телеканалдагы маегинде ар-намысыбызга шек келтирди» деп, жалпысынан 18 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53