Интернет-басылмаларды массалык маалымат каражаттарына теңөө сунушталууда
Кыргызстанда интернет-басылмаларды жалпыга маалымдоо каражаттарына теңөө боюнча мыйзам долбоору иштелип жатат. Бул тууралуу басма сөз жыйынында «Республика Ата-Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов билдирди.
Анын айтымында, маалымат агенттиктери жана интернет-басылмалар тараткан маалыматтары үчүн жоопкерчиликтүү болуп, мыйзам алдында жооп бериши керек. Буга чейин мындай мыйзамдын зарылдыгын депутат Кожобек Рыспаев да айткан.
Жогорку Кеңеш 22-июнда ММК жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду биринчи окууда кабыл алды. Документ чет өлкөлүк жарандарга жана уюмдарга ММКларды түзүүгө жана ээлик кылууга тыюу салат. Ошондой эле, жалпыга маалымдоо каражаттарын чет өлкөдөн каржылоого бөгөт коет.
Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Кожобек Рыспаев буга чейин өзгөрүүлөр бир гана телеканалдарга тиешелүү болоорун жарыялаган.
Укук коргоочулар жана журналисттер мыйзам долбоору сөз эркиндигин чектей тургандыгын билдирип, документти артка кайтарууга үндөшкөн.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53