KELECHEK
rek

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы, Акыйкатчы Токон Мамытовду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы, Акыйкатчы Токон Мамытовду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-майда, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы, Акыйкатчы Токон Мамытовду кабыл алды. 

Ассамблеянын отчеттук мезгилдеги иштеринин жыйынтыктары, Ассамблеянын 25 жылдык мааракесин жана уюмдун IX курултайын өткөрүү талкууланды.

Ошондой эле Ассамблеянын өлкөнүн коомдук саясий турмушундагы мындан аркы өнүгүү келечеги жана ролу, Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөө маселелеринде анын бардык мамлекеттик бийлик бутактары менен өз ара аракеттенүүсү жана жарандык интеграция үчүн шарттарды түзүү маселелери каралды. 

Президент Сооронбай Жээнбеков Ассамблеянын этникалык көп түрдүүлүктү сактоодо, жарандык интеграцияны өнүктүрүүдөгү ролун, уюмду кайра форматташтыруунун маанилүүлүгүн жана социалдык-экономикалык учурдагы реалдуулукка жөндөмдүү болушун, мындан ары айрыкча өлкө аймактарындагы мамлекеттик органдар менен өз ара тыгыз байланышынын зарылдыгын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы Ассамблея этникалык аралык ынтымакты, жарандык тынчтыкты, Кыргызстан элинин интеграциясын жана биримдигин бекемдөөгө жардам кылышы керектигин белгиледи.

Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Токон Мамытов Ассамблеянын 25 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага жана уюмдун IX курултайына карата  даярдыктардын жүрүшү жөнүндө маалымат берди.

Ал белгилегендей, салтанаттуу иш-чарага 400дөн ашуун киши чакырылган, жакынкы жана алыскы 15 чет өлкөдөн коноктор катышат.

Мындан тышкары, Токон Мамытов жакын арада Жогорку Кеңеште аткарылган жумуштар тууралуу Акыйкатчынын отчету берилерин маалымдады.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12