KELECHEK
rek

Өзбекстанда психиатриалык оорукана дарыгерлери бейтаптарды уруп-согууга айыпталууда

Өзбекстанда психиатриалык оорукана дарыгерлери бейтаптарды уруп-согууга айыпталууда

Ташкенттеги психиатриалык ооруканада дарыланып жаткан бейтаптардын туугандары клиника кызматкерлери оорулууларды уруп-согууга айыпташууда.

Мадина Набижонованын айтымында, 24-апрелде санитардык дарыгер анын психикалык жактан оорулуу күйөөсүн жерге жаткырып алып, муунткан. Бул учур ооркананын видеокөзөмөл камерасында жазылып калган.

Бейтап көчөгө уруксатсыз чыгууга аракет жасаганы үчүн токмок жеген.

- Алар алсыратуучу ар кандай дарыларды беришет. Менин күйөөм алардын таасири менен араң басып калган. Санитардык дарыгер аны мойнунан кармап, жулкулдаткан. Андан сон жерге жыгып алып, муунтуп кирген. Мен муну көрүп, дендароо болуп калдым. Бул видеону сиздерге жөнөттүп жатам, психиатриалык ооруканада оорулуларга кандай мамиле жасаларын башка бейтаптардын туугандары дагы көрүшсүн, – деди Набижонова. Ал күйөөсүн ооруканадан чыгарып кетүүгө аргасыз болгон.

Психиатриалык оорукананын башкы дарыгери Хайрулла Хусанхожаев бейтаптар сабалат деген маалыматты четке кагып, эгер дарыгердин бейтапты урганы тастыкталса, ал жумуштан бошотуларын айтты.

Ошол эле маалда башкы дарыгер айрым учурда санитардык дарыгерлер бейтапка каршы күч колдонууга аргасыз болушарын кошумчалады.

Ташкент шаардык клиникалык психиатриалык ооруканасы 1896-жылы курулган, 2013-жылы ондоп-түзөөдөн өткөн. 2018-жылы ооруканага Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев келип, келечекте клиниканы чет элдик медициналык жана илимий мекемелер менен кызматташа турган жайга айландырууну сунуштаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38