Түркмөнстанда суу ташкындарынан кийин курулуш материалдары кымбаттады
Түркмөнстанда курулуш материалдары кымбаттады. “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, цементтин наркы эки эсеге көтөрүлдү.
Суу ташкынынан жабыр таркан Мары облусунда 50 килограммдык бир кап цемент 50 манатка чейин кымбаттады. Дашогуз облусунда анын наркы 40-55 манат. Буга чейин цементтин баасы 15-18 манат болгон. Түркмөнстанда расмий курс боюнча 1 доллар 3,5 манатка барабар.
Курулуш материалдары өлкө аймактарын сел каптаган маалда кымбаттады. Марттын экинчи жарымынан бери нөшөрлөгөн жаан токтобой, калктуу конуштарды, талааларды сел каптап, автомобиль жана темир жолдор бузулду.
Өзгөчө өлкөнүн батыш жана түштүк-чыгыш бөлүгү жабыр тартты. Балкан облусунда Берекет шаарын суу каптап, Сердар, Түркмөнбашы, Балканабат калаалары селден жабыр тартты.
Өлкө бийлиги сел коркунучу тууралуу алдын ала эскерткен эмес. Учурда Мары облусунда дамбалар курулуп, суу жээктери бекемделүүдө.
Түркмөнстан цемент өндүрүшүн көбөйтөрүн бир нече жолу жарыялаган. Өлкөдө жыл сайын 1 миллион тонна цемент чыгарууга кудуреттүү төрт ири завод бар.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38