KELECHEK
rek

Помпео Мадуро Кубага качып кетүүгө аракет жасаганын билдирди

Помпео Мадуро Кубага качып кетүүгө аракет жасаганын билдирди

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Венесуэланын президенти Николас Мадуро өз өлкөсүнөн чыгып кетүүгө даярдык көргөнүн, бирок Орусия аны бул оюнан кайтууга көндүргөнүн билдирди.

Помпео CNN телеканалына берген маегинде Николас Мадуронун учагы учуп кетүүгө даяр турганын, бирок Кремль аны токтотуп калганын маалымдады. Анын айтымында, учак Гаванага багыт алмак.

Помпео Вашингтон толугу менен оппозиция лидери Хуан Гуайдону колдоп жатканын тастыктады. Шейшемби күнү эртең менен Гуайдо өз тарапташтарын 1-майда Мадуронун бийлигин кулатуу үчүн көчөлөргө чыгууга үндөгөн. Эки тараптын кагылышуусу курчуп, 50дөн ашык киши ар кыл жаракаттар менен Каракастагы медициналык борборго жеткирилди.

"Убакыт келди! Биз Венесуэлада эркиндикке жана демократияга жетүүгө аракет жасайбыз", - деп жазды Гуайдо Твиттердеги баракчасына.

Өлкө бийлиги бардык социалдык түйүндөргө жана мессенжерлерге бөгөт коюуга үлгүрдү.

Венесуэла президенти Николас Мадуро оппозиция уюштурган каршылык акциялары мамлекеттик төңкөрүш аракетине тете экенин, бирок алардын иши ордунан чыкпай турганын жарыялады.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун “ал Венесуэладан чыгып кетүүнү пландаган” деген билдирүүсүн жөнсүз деп атады. Орусия ТИМи дагы Помпеонун билдирүүсүн четке какты.

Венесуэлада президенттик шайлоо былтыр майда өткөнүнө карабастан, Николас Мадуро бийликтеги экинчи мөөнөтүнө быйыл январда гана киришкен. Жарым жылдан ашуун убакыт оппозиция шайлоонун жыйынтыктары бурмаланганын белгилеп, бойкоттоп келген. Бул көчөлөрдө ири акциялардын башталышына түрткү болгон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52