KELECHEK
rek

Түркмөнстанда фермерлерди жибек көпөлөктөрүн багууга мажбурлашууда

Түркмөнстанда фермерлерди жибек көпөлөктөрүн багууга мажбурлашууда

Түркмөнстандын Лебап облусунда бийлик фермерлерди тыт жегич жибек көпөлөктөрдү көбөйтүүгө мажбурлоодо.

Фермерлер бул тармак кирешесиз болгондуктан жибек көпөлөктөрдү өстүрүүнү каалашпайт. Бирок жергиликтүү бийлик аларды күчкө салып жатканы айтылууда.

"Өткөн жылы ар бир кило пилла үчүн он килограммдан тоют берүүнү убада кылышкан. Бирок ижарачылардын көбү мал-жан үчүн жем-чөп алган жок. Бул жылы дагы тоют убада кылышууда, бирок эл ишенбей калды. Бирок бийлик ижара жерлерди алып коебуз деп коркутууда", – деди “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы.

Тыт жегич жибек көпөлөктөрдү багуу өтө оор. Фермерлердин билдиришинче, чыгымдар акталбайт. Жибек көпөлөктөрүнүн бир килограмм пилласы 7 манат турат. Түркмөнстанда расмий курс боюнча 1 доллар 3,5 манатка барабар.

"Тыт жегич жибек көпөлөктөрдү багуу тозоктун жумушу. Бир айга бир нече бөлмөнү бошотуп, өзүң короодо жатышың керек. Мындан тышкары тыт дагы аз. Алар жетишпейт”, – деди фермерлердин бири.

Түркмөнстан өкмөтү быйыл 2030 тонна жибек пилласын өндүрүү планын жарыялаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...