Өзбекстан менен Казакстан "Silk Visa" долбоорунун жол-жоболорун иштеп чыгууда
Өзбекстан менен Казакстан быйыл Евробиримдиктин Шенген визасы сыяктуу "Silk Visa" же "Жибек жолу визасын" ишке киргизүүнү пландаган.
Өзбекстандын мамлекеттик туризм комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Улугбек Касимходжаев тараптар "Жибек жолу визасын" ишке киргизүү үчүн жигердүү иштеп жатканын билдирди. “Убакыттын создугуп жатышынын негизги себеби – эки өлкөнүн визасыз режим боюнча жол-жоболору ар башка. Казакстанда визасыз режимге кирген өлкөлөрдүн өзүнчө, бизде өзүнчө тизмеси бар. Башкы максат бул өлкөлөрдүн эки тарапка тең ынгайлуу тизмесин түзүү керек”, – деди ал.
Визанын бирдиктүү баасын аныктоо дагы негизги маселелердин бири болууда.
Ошол эле маалда Улугбек Касимходжаев эки өлкө жетекчилери бул боюнча саясий эрк көрсөткөнүн, мөөнөттөн бираз кечиксе дагы "Silk Visa" киргизилерин белгиледи.
Буга чейин "Silk Visa" долбооруна Борбор Азиядагы дагы эки мамлекет - Тажикстан менен Кыргызстан келечекте кошулууга ниеттенип турганы кабарланган. Азербайжан менен Түркияны да жаңы программага тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38