KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков: Бишкек өзүнүн “жашыл шаар” деген аталышын кайра калыбына келтириши керек

Президент Сооронбай Жээнбеков: Бишкек өзүнүн “жашыл шаар” деген аталышын кайра калыбына келтириши керек

“Бишкек өзүнүн “жашыл шаар” деген аталышын кайра калыбына келтириши керек”, - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-апрелде Бишкек шаарынын түштүк тарабындага жаңы парк курула турган жерде капсула салып жатып.

Мамлекет башчысы Бишкек ар дайым өзүнүн жашыл бак-дарактары, кооз аллеялары жана тазалыгы менен белгилүү болуп, “жашыл шаар” деп аталып жүргөнүн баса белгиледи.

“Биздин өлкөнүн борбор шаарынын башкы байлыгы таза аба жана жакшы экология болушу керек. Жаңы парктарды салуу, шаарды жашылдандыруу жана экология жарандардын жашоосу учүн баарынан маанилүү. Паркта өнүккөн инфраструктура жана ар тараптуу, анын ичинде активдүү дагы эс алуу үчүн, зарыл шарттар түзүлүшү керек”, - деп айтты Президент Сооронбай Жээнбеков.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов болочок парктын курулушунун долбоор менен тааныштырды.

Маалымдама:

Ч.Айтматов проспекти менен А.Масалиев-Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгаша турган парктын аянты 10 гектар. Долбоордо жөө жүрүүчүлөр үчүн коммуникация, 17 миңден ашуун чарчы метр тротуарлар, жарыктандыруу, жашылдандыруу, балдар аянтчасы, спорт аянтчасы, велосипед жолдору, 160 орундуу унаа токтотуучу жай ж.б. каралган. Бүгүнкү күндө тротуарларды, асфальбетон жана таманташтарды орнотуу жумуштары аткарылууда.

Курулуш иштерин 2019-жылдын 31-августуна карата бүтүрүү болжолдонууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13