KELECHEK
rek

"Коммерсантъ": Путин менен Ким Чен Ын 25-апрелде Владивостокто жолугушат

Орусия президенти Владимир Путин менен Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын жолугушуусу 25-апрелде Владивостоктун Русский аралындагы Ыраакы Чыгыш федералдык университетинде өтөт. Бул тууралуу "Коммерсантъ" өз булактарына таянуу менен билдирди.

Жолугушуу өтө турган жерди коопсуздук талаптарына байланыштуу Түндүк Корея тандаган.

Буга чейин Кремль Ким Чен Ын менен Путиндин Орусиядагы жолугушуусу апрелдин экинчи жарымына белгиленгенин маалымдаган.

Бүгүн Владивостокко Ким Чен Ындын эжеси, Түндүк Кореянын Борбордук комитетинин пропаганда жана агитация бөлүмүнүн директору Ким Е Чжон келди. Бул тууралуу "Чосон Ильбо" басылмасы өз булактарына таянуу менен билдирди. Ал жолугушуунун жогорку деңгээлде өтүшү үчүн көрүлүп жаткан даярдыктарды текшерет.

Буга чейин “Интерфакс” Владивосток аэропортуна Түндүк Кореядан пландан тышкары эки учак келгенин кабарлаган. Журналисттер атайын кызматтын өкүлдөрү учуп келген болушу мүмкүн деп божомолдошууда.

"Коммерсанттын" булагы кабарлагандай, 230 кишиден турган Ким Чен Ындын делегациясы Орусияга чопкутталган поезд менен келери пландалууда. Аны менен 2002-жылы Ындын атасы Ким Чен Ир Орусияга саякат жасаган. Поезддге Түндүк Корея лидеринин лимузинин жүктөй келишет.

Ким Чен Ын менен жолугушкан соң Путин 25-27-апрелде өтө турган “Бир алкак, бир жол” форумуна катышуу үчүн Бээжинге жөнөп кетет. Ким Чен Ын 2011-жылы бийликке келгенден бери Орусияда бир дагы жолу болгон эмес жана Владимир Путин менен жолугушкан эмес.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52