Президент Сокулук районундагы Орок орто мектебинин жана Бишкек шаарындагы № 59-мектептин абалы менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-апрелде Сокулук районундагы Орок орто мектебине, ошондой эле Бишкек шаарындагы № 59-мектепке барды. Бул эки мектепте тең учурда долбоордо каралгандан 3-4 эсе көп окуучулар билим алышат.
Мамлекет башчысы мектептердин имараттарын, класстарды, жаңы окуу корпустарын куруу үчүн бөлүнгөн жерлерди көрүп чыкты, алардын долбоорлору менен таанышты.
Ал окутуучулар менен маектешип, Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы мектептерде окуучулардын саны өтө көп болуп жаткандыгын айтты. Буга ички миграция чоң таасир этип жатканын айтып, Президент кошумча окуу корпустарын куруу боюнча долбоорлорду тезирек ишке ашыруунун зарылдыгын баса белгиледи.
Президенттин дарегине Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы мектептерде окуучулар батпай жаткандыгы жөнүндө көптөгөн кайрылуулар келет. Сооронбай Жээнбеков мурда бир нече мектептерди кыдырып, алардын абалын көрүп, коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында атайын эсепке келип түшкөн каражаттар жаңы мектептерди жана кошумча корпустарды курууга жумшаларын айткан болчу.
Өткөн жылы коррупцияга каршы күрөштөн мамлекетке жалпы суммасы 5 миллиард сомдон ашык акча каражаттары жана мүлктөр кайтарылган. КР Финансы министрлиги бул каражаттан керектүү сумманы Бишкек шаарында жана Чүй облусунда мектептерди жана кошумча корпустарды курууга багыттоодо.
Орок айылындагы мектептин директору Айгуль Исакова 320 окуучуга ылайыкталган Орок орто мектебинин имараты 1984-жылы курулганын, азыр анда 1910 окуучу окуп жатканын айтты. Окуу процесси 3 сменде ɵтɵт. Ар бир класста 40тан ашык окуучу окуйт. Окуу класстары жетишпегендиктен, балдар имараттын жертөлөсүндө да окушат.
Бул мектепте Орок айылынын балдары эле эмес, «Ак-ордо», «Арча-Бешик», «Ак-Орго», «Салкын тор», «Сары Ѳзɵн» жана башка жаңы конуштардан жана жанаша жайгашкан айылдардан балдар келип, окушат. Мында кошумча окуу корпустарын куруу маселеси өтө зарыл.
№ 59-мектептин директору Маргарита Ситникованын айтымында, мектеп 1962-жылы курулган. Долбоор боюнча мектеп 400 окуучулук орунга эсептелсе, азыр анда 1112 бала билим алат. 150 окуучу орундуу кошумча имарат куруу пландалууда.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти
Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05 23:34
Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...
Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02 12:13
Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт
Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04 16:32
Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07 15:23
Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты
Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:16
Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды
Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:26
Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...
Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ар бир кесип ардактуу”...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13 09:30