Тажикстанда тергөө абагында өзүнө кол салган аял соттолууда
Истад Курбонова
Хожентте 68 жаштагы Айни районунун тургуну Истад Курбонованын соту башталды. Ал жер тилкесин басып алуу жана башка бирөөнүн мүлкүн атайлап зыянга учуратууга айыпталууда. 17-январда Истад Курбанова тергөө абагында өзүнө өрт коюп, суицид аракетине барган.
«Жер тилкесин өз алдынча басып алуу айыбы – негизсиз. Бир нече жыл мурун 6 сотка жер тилкеси үчүн мен «СТД курулуш» ишканасына 32 миң сомони (азыркы курс боюнча 3,4 миң доллар) төлөгөм. Бирок ишкананын жетекчиси документтерди туура эмес бүтүргөн. Мен күнөөлүү эмесмин. Бул жерди мага саткандарды соттошсун», – деди ал.
Бирок «СТД курулуш» ишканасынын директору Латиф Хожиев сатып-алуу келишими тууралуу эч нерсе билбей турганын, жер тилкесин кайтарып берүүнү талап кыларын айтты.
Истад Курбонова 2-январда жер тилкесин басып алуу жана ал жерде мыйзамсыз курулуш жүргүзүү айыбы менен камалган.
Ал 12-январда тергөө абагында өз жанын кыюуга аракет кылган. Анда жергиликтүү укук коргоо органдары аял кокусунан кайнак сууну башынан ылдый куюп жибергенин маалымдашкан. Бирок айыпталуучунун адвокаты ал өзүн-өзү өрттөгө аракет жасаганын билдирген.
68 жаштагы аял өз жанын кыюуга аракет кылгандан кийин жергиликтүү ички иштер башкармалыгынын үч кызматкери иштен алынган. Прокуратура тергөө абагынын сакчысы Шариф Мирзошарифовго карата териштирүү иштерин баштаган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53