Алматыда сот марафондо кармалган дагы эки активистке айыппул салды
Алматы шаардык адистештирилген административдик соту марафон учурунда кармалган активисттер Айдос Нурболатов менен Айгүл Нурболатовго 20 айлык эсептик көрсөткүч (50 500 теңге) көлөмүндө айыппул салды. Сот отуруму 22-апрель күнү кечке маал өттү.
Ага чейин акциянын дагы бир катышуучусу Сулубийке Сулейменовага да ушундай эле көлөмдөгү айыппул салынган. Сот анын кош бойлуу экенин эске алып, бул сумманы 30 пайызга кыскарткан.
Үчөө тең “тынч жыйындарды өткөрүү же уюштуруу эрежелерин бузууга” айыпталууда. Активисттердин адвокаты соттун токтомун арызданарын айтты.
21-апрелде Алматыда марафон өтүп жаткан маалда полиция жол жээгинде “Чындыктан кача албайсың, менде тандоо бар, адилет шайлоо үчүн” деген баннерлерди көтөрүп алган беш активистти кармап кеткен. Ал күнү Асия Тулесова менен Бейбарыс Толымбаев 15 суткага камалган. Айыпталуучулардын адвокаттары сот чечимине каршы доо арыз жазарын билдиришүүдө.
22-апрелде активисттердин тобу Алматы шаардык сотунун алдында чогулуп, Асия Тулесова менен Байбарыс Толымбаевди бошотууну талап кылышкан.
Казакстан ички иштер министри Ерлан Тургумбаев кармалган активисттер “марафон өткөрүүгө тоскоолдук жаратканын” билдирген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53