KELECHEK
rek

Өзбекстанда Корей маданият үйүн салган компания бийликти алдамчылыкка айыптоодо

Өзбекстанда Корей маданият үйүн салган компания бийликти алдамчылыкка айыптоодо

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев жана  Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин Ташкентте Корей маданият үйүнүн ачылыш аземине катышты.

Ташкенттеги Корей маданият үйүн куруу үчүн Түштүк Корея өкмөтү 5 миллион АКШ долларын бөлгөн, түштүк кореялык SDAG E&C компаниясы курулуш иштерин өз мойнуна алган. Бул долбоордун наркынын 20% ээ болгон компания долбоорду ишке ашыруу үчүн Өзбекстанда катталган «Sehwa Construction» жоопкерчилиги чектелген коомун тандаган.

Жоопкерчилиги чектелген коом ондогон жергиликтүү курулуш компаниялары менен иш алып барган. Өзбекстан өкмөтү Корей маданият үйүн куруу үчүн Ташкенттен жер бөлүп берген жана түштүк кореялык курулуш компаниясына бир катар жеңилдиктерди убада кылган. Өзбекстан өкмөтүнүн 2016-жылдагы токтомуна ылайык, «Sehwa Construction» компаниясы түстүү металлдарды жана цементти биржадагы баасынан эки эсе арзан алуу укугуна жана салык жеңилдиктерине ээ болгон.

2016-жылы 20-майда ал кезде Өзбекстан премьер-министри болгон Шавкат Мирзиёев менен Түштүк Кореянын өкмөт башчысы Хван Гё Ан курулуштун пайдубалын түптөө аземине катышкан. Курулуш компанияларына алгачкы төлөмдөр берилген. «Sehwa Construction» компаниясынын башкы директору Cho Jongyoung билдиргендей, 2017-жылдын аягында абал кескин өзгөргөн.

– Курулуш 2017-жылы июлда башталган. Ошол эле жылы ноябрда өкмөттүн токтомун аткаруу токтотулган. Мындан кийин биз сатып алып жаткан негизги курулуш товарлары эки-үч эсеге кымбаттап кеткен. Түштүк Корея өкмөтү кошумча акча төлөп берүүдөн баш тарткан. Мен мындай кырдалда иштей албайм деп, өзбек өкмөтүнө кайрылдым. Бирок өзбек бийлиги “курулушту улантасың же түрмөгө камаласың” деп коркутту. Алар оозекти түрдө чыгымдарды жаап берүүнү убада кылышты. Мен аларга ишенип, курулушту уланттым, – деди «Sehwa Construction» компаниясынын башкы директору.

Компания жетекчиси 10 миллиард сум (1 миллион 200 миң доллар) насыя алууга аргасыз болгонун, бирок чыгымдар төлөнбөй, зыянган учураганын билдирди.

Курулуш жумуштарын жүргүзгөн ондогон жергиликтүү компаниялар жана «Sehwa Construction» жоопкерчилиги чектелген коомуна бийликтин кысымы менен насыя берген «Узсаноаткурилишбанк» карыздарды өндүрүп алуу үчүн жыл башында Ташкенттеги район аралык сотко кайрылышкан.

«Sehwa Construction» жоопкерчилиги чектелген коому болсо ушул эле сотко өзүн банкрот катары жарыялоо өтүнүчү менен арыз жазган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53