KELECHEK
rek

«Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү» телекоммуникациялык форуму өттү (ФОТО)

«Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү» телекоммуникациялык форуму өттү (ФОТО)

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда 22-апрелде, Ош шаарында «Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү» телекоммуникациялык форуму ишин баштады. Мындай форматтагы Форум өлкөдө биринчи ирээт өтүүдө.
Президент Сооронбай Жээнбеков Форумга карата даярдалган Кыргызстандагы уюлдук байланыш операторлору уюштурган мобилдүү кызмат көрсөтүүлөр тууралуу көргөзмө менен таанышты. 

Форумдун ачылышында Мамлекет башчысы санариптештирүү президенттик ишинин артыкчылыктуу багыты болгон жана болуп кала берээрин дагы бир ирээт белгиледи. Форумдун катышуучулары Дүйнөлүк Банктын КРдеги туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар, Президенттин кеңешчиси Дастан Догоев баяндама жасашты. 


Мындан тышкары, Байланыш операторлор ассоциациясынын аткаруучу директору Айбек Куренкеев, «Альфа Телеком» ЖАКнын генералдык директору Акылбек Жамангулов, «Нур Телеком» ЖЧКсынын директору Алла Опариенко, «Скай Мобайл» ЖЧК Башкы директору Акмаль Малаев, «Элкат» ЖЧКсынын генералдык директору Улан Толубаев, «Кыргыз Телеком» ААКнын Башкармалыгынын вице-президенти, техникалык директор Нурбек Чылпанов жана «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасынын директору Нурия Кутнаева Кыргызстандагы санариптештирүү тармагындагы жагдайлар туралуу кенен баяндама жасашты.

Кыргызстандын IT тармагынын өкүлдөрү өлкөнү санариптештирүү процессинде Мамлекет жетекчисинин колдоосу жана саясий эрки чоң мааниге ээ экендигин белгилеп, «Биздин өз ара пикир алышуубуз жана бүгүнкү иш чарага Президенттин катышып жаткандыгы саясий эрктин бар экендигинин далили», — деп, Мамлекет башчысынын санариптештирүү саясатын колдоорун айтышты жана ушундай Форумду жыл сайын өткөрүүнү сунушташты. 


«Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү» биринчи телекоммуникациялык форумуна Ош, Баткен, Жалал-Абад облусунун мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен кызматкерлери, өлкөнүн бизнес-коомчулугунун, IT тармагынын, коомдук уюмдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жалпысынан 500дөн ашык адам катышууда. Түштөн кийин Форум өз ишин улантат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12