KELECHEK
rek

ОБЛУС БАШЧЫ "МАДАНИЯТ-ЖАЛАЛ-АБАД" ЖОЛУНУН КУРУЛУШ ИШТЕРИН ЖЕРИНЕН КӨРДҮ (ФОТО)

ОБЛУС БАШЧЫ

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев "Бишкек-Ош" унаа жолундагы "Маданият-Жалал-Абад" жолунун курулуш иштери менен таанышты.

Облус жетекчиси иш сапарын алгач эле "АзВирт" компаниясынын Жалал-Абад шаарында жайгашкан битум эритүүчүсү обьектин көрүү менен баштады. Андан соң, жол куруудагы долбоорго ылайык жаңыланып салынуучу Сузак районунун Барпы жана Атабеков айыл аймактарынын ортосунда жайгашкан Чангет-Сай көпүрөсүн жеринде көрдү.

Ошондой эле, Сузак районундагы Топурак-Бел айылындагы жүргүзүлүп жаткан жумуштар менен таанышып, Базар-Коргон районундагы АБЗ ишканасына жаңы салып жаткан курулуш обьектилерин, компаниянын Ноокен районундагы автобазадагы техникалар токтотуучу, жумушчулардын жатуучу жайларын көрүп чыкты.

Өкүлдүн иш-сапары андан ары аталган унаа жолдун Ноокен районунун Чек айылындагы курулуш иштерин көрүү менен уланып, жергиликтүү тургундар менен да жолугушту.

"Салынып жаткан жол эл аралык маанидеги мамлекеттик жол. Аталган долбоор менен Ош-Бишкек автожолунун 67 километринин курулуш иштери жүрүп жатат. Ош-Бишкек автожолуна 51,6 млн. доллар акча каражаты чыгымдалып,  атайын стандарттарга жооп бере тургандай сапаттуу болуп жасалып, калктуу конуштарда тротуар жана жарыктандыруулар кошо курулат. Жумуш башталгандан бери компания менен биргеликте иш алып барып, долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууга аракеттерди көрүп жатабыз",- деп белгиледди Кыянбек Сатыбалдиев.

Мындан сырткары, өкүл ар бир обьектте жүргүзүлүп жаткан жумуштарга, техникалардын абалына тыкыр көз салып, жумушту так жана өз мезгилинде бүтүрүү менен мыйзам чегинде иш алып баруу керектигин билдирди.

Эскерте кетсек, "АзВирт" ЖЧК тарабынан курулуп жаткан Маданият-Жалал-Абад жолунун жалпы узундугу 67 км түзүп, 51,6 млн. долларга бааланган. Долбоор 2022-жылы аяктайт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13