
АЛА-БУКА РАЙОНУНДА “ЭЛДЕР ДОСТУГУ ФЕСТИВАЛЫ” БОЛУП ӨТТҮ (ФОТО)

Үстүбүздөгү жылдын 16-апрель күнү Жалал-Абад областынын Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон айылдык аймагында «Элдер достугу фестивалы» болуп өттү.
Аталган иш чараны Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясы Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай коому менен биргеликте өткөрдү. Бул майрамдык фестивалда аймакта жашоочу үч улут (кыргыз, өзбек, тажик) өкүлдөрү өздөрүнүн улуттук маданиятынын (ырлар, бийлер, тамактар) баалуулуктарын көргөзмөдө көрсөтүштү.
Элдер достугу фестивалы жыл сайын Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай Коому тарарабынан Республикабыздын баардык аймактарында өткөрүлүп келинет. Элдер достугу фестивалынын негизги максаты - Кыргыз Республикасында жашоочу этностор башка улуттун өкүлдөрүнүн маданиятын таанып билүү аркылуу достукту бекемдөө болуп саналат.
Достук фестивалын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан: улуттук тамактар көргөзмөсү, улуттук бийлер, улуттук ырлар аткарылды. Ошондой эле, Улуттук Кызыл ай коому тарабынан алгачкы жардам көрсөтүү боюнча мастер класс көрсөтүлдү.
Кыргызыстандын Улуттук Кызыл Ай коому гуманитардык ишмердүүлүгүн республикабыздын аймагында 1926-жылдан бери аткарып келе жатат. Уюмдун миссиясы өлкөнүн баардык жети аймагы боюнча калктын аярлуу катмарынын жашоосун жакшыртуу жана женилдетүү болуп эсептелинет.
Кыргызыстан Кызыл Ай коому бүткүл дуйнөлүк Кызыл Крест жана Кызыл Ай кыймылынын бир бөлүгү болуп эсептелет жана Эл аралык Кызыл крест жана Кызыл Ай коомдорунун федерациясынын мүчөлүгүнө кирет. Кыргызыстан Кызыл Ай коому мамлекеттин жардамчы звеносу катары өз ишмердүүлгүн аткарат.
Улуттук Кызыл Ай коому төрт багыт боюнча иш араткеттерин жүргүзөт: Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу, саламаттык сактоо, гуманитардык жардам көрсөтүү жана эл аралык укуктарды жайылтуу.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады
2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...
Аймак 2016-04-27 09:56
Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....
Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...
Аймак 2016-05-06 17:07
Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү
Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде 23-майда аталган мектепке көмөкчү...
Аймак 2016-05-23 20:40
КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду
КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...
Аймак 2016-05-30 13:59
Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...
Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...
Аймак 2016-06-13 15:51
Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...
Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү Жалал-Абад облусунун...
Аймак 2016-06-13 16:09
Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...
"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...
Аймак 2016-06-14 14:41