Түркмөнстандын ири шаарларын суу каптады
Акыркы жумада тынымсыз нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Түркмөнстандын батышындагы ири шаарлар жана түштүк-чыгышындагы калктуу конуштар суу алдында калды.
“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, 14-апрелде жаан Түркмөнбашы жана Балканабат шаарларынын көчөлөрүн каптап калган.
13-апрелде Мары облусунун жашоочулары Түркмөнстандын түштүк-батышындагы суу ташкындар тууралуу кабарлашкан. “Азаттыктын” түркмөн кызматына жөнөтүлгөн видеолордун биринде Ооганстан менен чектеш Серхетабат шаарындагы кырдаал сүрөттөлөт.
Буга чейин суу ташкынынан Мары облусунун Тагтабазар району жабыркап, ондогон үйлөр урап калган.
“Тагтабазардагы акыркы суу ташкынынан кийин дамбаларды көтөрө башташты. Селден жабыр тарткандар стадиондогу чатырларда жашап жатат. Аларга курулуш үчүн жер тилкеси берилери айтылган. Бирок Мургаб дарыясын казуу керек. Адистер суу жээктен чыгып кетүү коркунучу жогору экенин билдиришүүдө. Мургаб суусу өтө кир болуп турат. Суу Сарыязын суу сактагычында топтолууда. Сел тобокелчилиги көбөйүүдө. Бирок эч кандай чара көрүлгөн жок", - деди “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы.
13-апрелде узакка созулган нөшөрдөн улам Ашхабадда сел жүргөн.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05