KELECHEK
rek

Велотуристтерге кол салууну уюштурган кишинин аялы Ирак түрмөсүндө отурат

Велотуристтерге кол салууну уюштурган кишинин аялы Ирак түрмөсүндө отурат

Кори Носир

Тажикстандын атайын кызматтары Душанбе-Дангара трассасында чет өлкөлүк велотуристтерге кол салууну уюштурду делген Кори Носирдин (Носирхожа Убайдов) экинчи аялы Ирактагы түрмөдө отурганын кабарлашты. 43 жаштагы Тажикстан жараны Махсира Шарифова 2018-жылы Мосулдун четинде кармалган.

2018-жылы 29-июлда "Daewoo Leganza" үлгүсүндөгү автоунаа Тажикстандын түндүгүндөгү Дангара районунда велосипед менен кыдырып жүргөн чет өлкөлүк туристтердин тобун сүзүп кеткен. Андан Нидерланд менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны каза болуп, дагы үч чет өлкөлүк жараат алган.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти ИМ тобу өзүнө алган. Бирок тажик бийлиги чабуул үчүн “Ислам кайра жаралуу” партиясын айыптаган.

Тажикстандын укук коргоо органдарындагы өз булактын билдиришинче, Махсира Шарифова телефондук сүйлөшүү учурунда Кори Носир Сирияда өлтүрүлгөн болушу мүмкүн экенин айткан. Маалыматтарга караганда, Кори Носир “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун идеологиялык иштери менен алектенген, согуштарга катышкан эмес.

Душанбе-Дангара трассасында чет өлкөлүк туристтерди өлтүрүү айыбы менен өмүр бою эркинен ажыратылган Хусейн Абдусамадов буга чейин терактка кантип даярдык көрүлгөнү тууралуу айтып берген.

– Биз “Ислам мамлекети” тобуна ант бергенбиз. Түркияга келгенде Кори Носир “Ислам кайра жаралуу” партиясы менен “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу Тажикстанда теракт жасоо боюнча келишим түзүшкөнүн кабардар кылды. Чет өлкөлүктөргө кол салуунун максаты – эл аралык аренада Тажикстандын кадыр-баркына сокку уруу экенин айтышты, – деген.

​ 21-ноябрда Тажикстандын Жогорку соту Хусейн Абдусамадовду өмүр бою эркинен ажыраткан.

Тажикстан Ирактан 92 бала менен 43 аялды алып келүүгө ниеттенүүдө. Өз булактар Махсира Шарифова да мекенине кайтууга жардам берүүнү суранганын билдиришти.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...