Президент Жээнбеков Мюнхен шаарында мекендештер менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 15- апрелде, Германиянын Мюнхен шаарында Германия Федеративдүү Республикасында окуп жана иштеп жаткан кыргызстандыктар менен жолугушту.
Мамлекет башчы жогорку деңгээлдеги жолугушуулардан тышкары мекендештер менен жолугушуу анын расмий визитинин негизги максаттарынын бири экенин белгиледи.
«Былтыр мекендештердин форумуна катышкан кыргызстандыктар көптөгөн сунуштарды айтышты. „Мекендештер“ Форуму жолугушуулар жана пикир алмашуулар үчүн жакшы аянтча болуп калды. Форумдун жыйынтыктары боюнча КР Президентинин алдында мекендештер Кеңеши түзүлгөн. Анын мүчөлөрү менен быйыл жолугушам. Биз сиздердин ийгиликтериңиздерге жана жетишкендигиңиздерге ар дайым кубанычтабыз „, — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Германиядагы мекендештер Мамлекет башчысына негизинен виза, билим берүү, саламаттык сактоо, улуттук маданиятты, адабиятты, анын ичинде Ч. Айтматовдун чыгармаларын жайылтуу, инвестицияларды тартуу, Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртуу, айыл чарбасын өнүктүрүү, ‚Мекен карт‘ долбоору, Кыргызстан менен Германия ортосундагы эки тараптуу мамилелерди күчөтүү, эки өлкө ортосунда түз каттамды ачуу маселелерине байланыштуу суроолорду беришти.
Мекендештердин суроолоруна Президент Сооронбай Жээнбеков, тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, КР Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Германиядагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эринес Оторбаев, КР экономика министри Олег Панкратов жооп беришти.
Суроолорго жооп берип жатып, Мамлекет башчысы региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү, транспорт-логистика чөйрөсүн, айыл чарбасын ж. б. тармактарды өнүктүрүү сыяктуу өлкөнү өнүктүрүү долбоорлоруна токтолду.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13