KELECHEK
rek

Тажикстандыктар пара иретинде дарыгерлерге жылына 320 миллион доллар беришет

Тажикстандыктар пара иретинде дарыгерлерге жылына 320 миллион доллар беришет

Тажикстанда орто эсеп менен ар бир жашоочу жылына дарыгерлерге 200 сомониден же 22 доллардан пара берет. Өлкөдө формалдуу түрдө медицина акысыз. Жарандар “бекер” маалымкаттарды сатып алышат, медициналык кароодон өтүшөт, сапаттуу тейлөө үчүн пара беришет.

Тажикстан Саламаттык министрлигинин эсеби боюнча 2018-жылы жарандар дарыгерлерге пара иретинде 320 миллион доллар беришкен, ошол эле маалда калктын 30% өтө жакыр жашайт.

"Сино" жеке клиникасынын директору Абдухалил Холикзоданын айтымында, медиктер бейтаптарды өздөрү келишим түзгөн дарыканаларга жөнөтүү менен дагы акча табышат.

“Эгер дарыгерлердин, медайымдардын кошумча кирешелерин жана сатылган дарыларды эсептесек, ушул сумма чыгат. Бул сумманы Тажикстандын ар бир жашоочусуна бөлсөк, 200 сомониден тиет”, – деди ал. Албетте, бул болжолдуу эсеп.

2008-жылы Тажикстанда саламаттык сактоону реформалоо ж

2018-жылы Тажикстанда медицина үчүн бюджеттен 185 млн доллар гана бөлүнгөн, бул тармактагы жалпы пара көлөмүнүн 60% гана түзөт. Каражаттын теңинен көбү медиктердин айлык акыларына жумшалат. Аткаминерлер медициналык камсыздандыруудан казнага көбүрөөк акча түшсө, дарыгерлердин маянасын көтөрүүгө болот деп болжолдошууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38