Ким Чен Ын Түндүк Кореяга санкция киргизгендерге сокку ура турганын эскертти
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын «өлкө жарандарын чөгөлөтүүгө үмүт кылып» санкция киргизгендерге карата сокку ура турганын эскертти. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук телеграф агенттиги кабарлады.
Түштүк Кореянын Рёнхап маалымат агенттиги белгилегендей, Ким Чен Ын мындай билдирүүсүн АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Индин жолугушуусу алдында жасады. Эки өлкө лидерлеринин сүйлөшүүлөрү 11-апрелде Вашингтондо өттү. Анда тараптар башка маселелер менен катар эле Түндүк Кореяны өзөктүк куралдан арылтуу темасын дагы талкуулады.
Мурдараак АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Вашингтон Пхеньянга карата киргизилген чектөөлөрдү жарым-жартылай азайтышы мүмкүндүгүн билдирген. Бирок анын айтымында, санкциялардын көбү Түндүк Корея өзөктүк коркунуч жаратып турган чакта күчүндө кала берет.
Былтыр июнда АКШнын президенти тарыхта биринчи жолу Түндүк Кореянын башчысы менен жолуккан. Анда тараптар «Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу» жана Түндүк Кореянын коопсуздугун кепилдөө тууралуу макулдашууга келишкен. Ошол эле маалда анда өзөктүк жана ракеталык сыноолор үчүн киргизилген санкциялар Пхеньян өзөктүк куралдан толук арылмайынча алынбай тургандыгы белгиленген.
Быйыл 27-28-февраль күндөрү Ханойдо өткөн саммитте Дональд Трамп менен Ким Чен Ын макулдашууга келе алышкан эмес. Анда Ак үй эки өлкө өкүлдөрү келечекте сүйлөшүүлөрдү уланта турганын билдирген. Саммиттин жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйында Трамп сүйлөшүүлөр маалында Түндүк Корея лидери Пхеньянга каршы киргизилген бардык санкцияларды алуу шартын койгонун билдирип, буга макул болбогонун айткан.
Түрдүү маалыматтар боюнча Түндүк Кореянын өзөктүк арсеналы 10дон 60ка чейинки сандагы жардыруучу түзүлүштөрдөн турушу мүмкүн. Өлкө буга чейин суутек бомбасын сыноодон өткөргөнүн дагы билдирген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









