Душанбеде "Тажик Эйр" авиакомпаниясынын мурдагы башчысы кармалды
Хайрулло Рахимов
Душанбеде мамлекеттик “Тажик Эйр” авиакомпаниясынын мурдагы жетекчиси Хайрулло Рахимов кармалды.
Хайрулло Рахимов кызмат абалынан кыянат пайдаланууга жана бөтөн мүлккө ээлик кылууга айыпталууда.
2018-жылы декабрда Тажикстан президенти Эмомали Рахмон “Тажик Эйр” авиакомпаниясынын ишин сынга алган. Ал өлкөдөгү эң ири жүргүнчү ташыган "Боинг 767-332" учагын сатып алууда коррупцияга жол берилген деген маалыматтарды текшерүүнү тапшырган. Быйыл 21-январда өткөн өкмөттүн отурумунда президент авиакомпаниянын жетекчиси Хайрулло Рахимовду жумушта кетирген кемчиликтери үчүн тилдеп, жыйындан кууп чыккан. Кийинки күнү ал креслосунан кол жууган.
Мамлекеттик “Тажик Эйр” авиакомпаниясы эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында Тажикстандын авиациялык базарына толугу менен ээлик кылган. 2009-жылы акционердик коомго айланган. Душанбе, Куляб, Хожент эл аралык аэропорттору, “Тажикаэронавигация”, май куюуучу ишкана жана борттогу тамактануу кызматы өз-өзүнчө бөлүнүп кеткен.
Соңку он жылда “Тажик Эйрде” алты жетекчи алмашкан, бирок абал өзгөргөн эмес. Эксперттер жана компаниянын мурдагы директорлору мамлекеттик чиновниктердин авиакомпаниянын ишине кийлигишүүсү –негизги көйгөй экенин белгилешкен. “Тажик Эйрдин” айрым кызматкерлеринин айтымында, таасирдүү аткаминерлер чоң жүктөрдү ташыган учактарды өздөрүнүн бизнеси үчүн колдонуп, бирок бир тыйын төлөбөй кеткен учурлар бар.
2018-жылы октябрда Тажикстан өкмөтү “Тажик Эйрди” банкроттон сактап калуу үчүн акцияларын жеке жактарга өткөрүп беренин маалымдаган
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53