Жалал-Абадда жергиликтүү бийлик салыкчыларга ыраазычылык билдиришти
Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктар жана төлөмдөр боюнча башкармалыгынын эмгек жамаатын кесиптик майрамы менен куттуктап, салыкчыларга расмий ыраазылыгын билдирди. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Урматбек Маматов билдирди.
Бүгүн шаар мэриясынын кичи жыйындар залында шаар жетекчилиги мэриянын алдындагы аталган башкармалыктын Абида Кочкорова баштаган эмгек жамаатын кабыл алып, аларга Алкыш баракчасын тапшырды. Аны тапшыруу учурунда шаардын вице-мэри У. Маматов бул башкармалыктын иштеп жатканына бир жылдай гана болгону менен жергиликтүү бюдежеттин киреше бөлүгүн көтөрүүдө албан салым кошуп жатканын белгиледи.
- Сиздердин талбаган эмгегиңер аркылуу шаар казынасы толуп, шаар улам өнүгүп баратат. Ошонун шарапаты менен быйылкы жылы шаарда 120 миллион сомдук инфраструктуралык курулуш иштери жүрүп жатат. Шаар мэриясы сиздерге жакшылыктарды жана ишиңиздерге ийгилик каалайт, - деди ал.
Ал эми башкармалыктын башчысы А.Кочкорова салык топтоодогу ар кандай кыйынчылыктар, атайылап тоскоолдуктарга карабай, жергиликтүү салыкчылар жакшы иштеп жатканын айтып өттү.
Эскерте кетсек, өткөн жыл ичинде аталган башкармалыктын салыкчылары жакшы иштеп, бекитилген план 451,7 миң сом болсо, аткарылганы 472,3 миң сомду түзүп, өсүү темпи 101,8 пайыга жеткен. Алар аймагындагы 11448 кожолукту түрө кыдырып жүрүп, 2 миллион 573,9 миң сом салык түшүрүшкөн. 2014-жылга салыштырмалуу 375,7 миң сомго ашыкча салык жыйналып, өсүү темпи 117,1 пайызды түзгөн. Үч жылдан бери салык төлөмдөрүн төлөбөгөндөр эсебинен 361 миң сом салык төлөтүлгөн.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38