Назарбаев Казакстандын Коопсуздук Кеңешинин жыйынын өткөрдү
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев 10-апрелде Коопсуздук Кеңешинин жыйынын өткөрдү.
Назарбаев сөзүнүн негизги бөлүгүн Казакстандагы соңку саясий өзгөрүүлөргө арнады:
“Коомчулукта тынчсыздануу, өкүнүү, үмүт жана күтүү бар. Мен баарыңарды тынчтандыруу үчүн айткым келет, иштелип чыккан багыт улантылат, мен бул жердемин, биз баарыбыз мекенибиздин жыргалчылыгы үчүн иштейбиз”, - деди ал.
Назарбаев убактылуу президент Токаев Конституцияга ылайык шайлоо күнүн жарыялаганын, бул чечим туура экенин билдирди. Ал шайлоону мыйзамдын бардык талаптарына шайкеш жана демократиялык нормаларды сактоо менен өткөрүү үчүн даярдык көрүү зарылдыгын белгиледи.
Бир күн мурда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстанда мөөнөтүнөн мурда шайлоо 9-июнда өтөөрүн жарыялаган. "Нур-Отан" партиясына мүчө болгон Токаев 20-мартта ант берип, президенттиктен кеткен Назарбаевдин ордун баскан. Ал шайлоого катышар-катышпасын азырынча айта элек.
78 жаштагы Назарбаев Казакстандын Коопсуздук кеңешин өмүрүнүн акырына чейин жетектейт. Анын "элбашы" деген макамы өзүн жана үй-бүлөсүн кылмыш жоопкерчилигинен бошотот.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









