AI өзбек бийлигин экс-башкы прокурор Кадыровду кыйноолордон коргоого чакырды
Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыров 2018-жылы февралда камакка алынган
Amnesty International (AI) эл аралык укук коргоо уюму коррупцияга шектелип камакка алынган Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыровду кыйноого алуу ыктымалдуулугуна байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.
Уюм 8-апрелде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге жолдогон катын жарыялады. Анда укук коргоочулар мамлекет башчыны «Рашид Кадыровду жана аны менен бирге кармалган 12 экс-чиновникти кыйноолор менен ырайымсыз мамилелерден коргоого, ошондой эле алардын квалификациялык медициналык жардамдарды алуусуна шарттарды түзүп берүүгө» чакырган.
Amnesty International ал катта ишенимдүү булактарынын маалыматына таянуу менен «тергөө абагында Рашид Кадыровду жарытылуу уктатпай, ага физикалык зомбулук көрсөтүлүп жатканын» жазган.
Быйыл марттын ортосунда Ташкент облусундагы Бука районунун мурдагы прокурору Бахром Кобилов кармалганы белгилүү болгон. Ал бир канча убакыт экс-башкы прокурор Кадыровдун иши боюнча тергөө иштерин жетектеген. Өз булактардын маалыматына караганда, «Кобилов Рашид Кадыровду жана бул иш боюнча айыпталып жаткан башка адамдарды кыйноого алган» деп айыпталууда.
Өзбекстандын башкы прокуратурасын 15 жыл башкарып, 2015-жылы апрелде кызматтан алынган 67 жаштагы Рашид Кадыров былтыр 22-февралда кармалган. Ал «опузалоо», «кызмат абалын кыянат пайдалануу» жана «пара алуу» беренелери менен айыпталууда.
Рашид Кадыровдун иши боюнча сот быйыл 7-январда Ташкент шаарындагы Юнусабад райондук сотунда башталган. Ал жабык режимде өтүп жатат.
1-мартта өз булактар Кадыровго кылмыштуу топ түзүү деген жаңы айып тагылганын кабарлашкан. Анын шериктери катары кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткан калган 12 экс-чиновникке кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө катышуу айыбы тагылган.
Азырынча экс-башкы прокурордун иши боюнча сот жараяны канчага созулуп, өкүм качан чыгарылары белгисиз.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53