KELECHEK
rek

Трамп: Кыргызстан демократиялык баалуулуктарды колдоодо аймактагы лидер

Трамп: Кыргызстан демократиялык баалуулуктарды колдоодо аймактагы лидер

Америка Кошмо Штаттары Кыргызстанды демократиялык баалуулуктарды колдоодо аймактагы лидер деп тааныйт. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп Кыргызстандын Кошмо Штаттардагы жаңы элчиси Болот Отунбаевдин ишеним грамоталарын кабыл алып жатып айтты.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Отунбаев Кыргызстан АКШ менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана эки тараптуу диалогдун жаңы чектерин ачууга ишенерин билдирди.

Элчи кыргыз-америкалык мамилелерди жаңы деңгээлге чыгарууга, жаңы барак ачууга бардык шарттар жетилгенин белгиледи.

Трамп АКШ жалпы маселелер жана эки тараптуу байланыштар боюнча иштөөгө америкалык тарап даяр экенин айтты.

«Экономикалык өсүштү камсыз кылуу жана эки мамлекет ортосундагы коммерциялык байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн көрүп жатабыз. Коопсузураак, демократиялуу жана өсүп-өнүккөн жашоону камсыздоого чогуу жардам бере алабыз”, - деди Трамп.

Кыргызстан менен АКШнын өкмөттөрүнүн кызматташтыгы тууралуу келишимге 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган.

Бул документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.

Азыр кызматташтык тууралуу жаңы келишимдин долбоору талкууланып жатат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52