KELECHEK
rek

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга өз ыктыяры менен келерин билдирди

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга өз ыктыяры менен келерин билдирди

Саясатчы Өмүрбек Бабанов жакынкы күндөрү Кыргызстанга кайтып келе турганын НТС телеканалындагы интервьюсунда билдирди. Ал президенттик шайлоодон кийин бийликтин талабы менен, партиялаш, тарапташтарына куугунтук болгон үчүн өлкөдөн чыгып кеткенин айтты.

Бабановдун айтымында, мындай талап президенттик аппараттын мурдагы жетекчи орун басары Икрамжан Илмияновдун иш бөлмөсүндө айтылган.

«Мен Кыргызстанга келсем толкуп турган эл чыгып, жабыркап калмак. Мен өз убадамды аткардым. Мен Атамбаев менен да, Жээнбеков менен да сүйлөшкөн жокмун. Менин жакындарым азыркы президент менен сүйлөшүп жатышты... Орусия президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапары учурунда жана КСДП курултайы, талаш-тартыш күчөп турган учурда келбейт болчумун. Ушул жума бүткөн соң, жакында барам. Мен өз ыктыярым менен келем, мени камап, бул үчүн мамлекеттик акчаны жумшап, кайтарып эмне кылат? Мен качпайм. Бирок камайбыз десе, бүгүнкү бийлик өздөрү чечим кабыл алат», — деди Бабанов.

Ал өзүнө козголгон кылмыш иши боюнча тергөөчүлөргө жооп берүүгө, Кыргызстанга келгенден кийин инвестиция тартууга даяр экенин билдирди.

Өмүрбек Бабановго эки кылмыш иши козголгон. Анын бири «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде козголсо, кийин «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен да иш ачылган. УКМК буга чейин саясатчыга козголгон иштердин бири токтоп турса, экинчиси боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган.

УКМК Бабанов Кыргызстанга кайтса, мыйзам боюнча жоопко тартыларын билдирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12