
Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо 9-июнда өтөт

9-апрелде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев калкка кайрылуу жасап, быйыл 9-июнда кезексиз президинттик шайлоо өткөрүү чечимин кабыл алганын билдирди.
Өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаев президенттиктен кеткенин 19-мартта жарыялаган. Бирок ал Казакстандын Коопсуздук кеңешин башчысы жана бийликтеги «Нур Отан» партиясынын жетекчиси кызматтарын сактап калган.
Касым-Жомарт Токаев 20-мартта ант берип, Казакстандын президенти кызматына киришкен. Ошол эле күнү өлкөнүн экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева парламенттин спикерлигине шайланган. Анын талапкерлигин буга чейин сенаттын төрагасы кызматын аркалап келген жаңы президент Касым-Жомарт Токаев сунуштаган. Талдоочулар Назарбаеваны өлкө башчылыгына негизги талапкер катары эсептеп келишет.
Назарбаев быйыл 79 жашка чыгат. Ал Казакстанда 1979-жылы эле бийликке келип, алгачкы жолу 1990-жылы президент болгон. Андан кийин бул кызматка бир нече жолу шайланган. Анын акыркы президенттик ыйгарым укуктары 2020-жылы аякташы керек болчу. Назарбаев 2017-жылы эле мурдагы СССР өлкөлөрүндөгү эң узак башкарган президент болуп калган.
65 жаштагы Токаев — сенаттын мурдагы төрагасы, Казакстандын экс-премьер-министри жана мурдагы тышкы иштер министри. Ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу Назарбаевдин 19-марттагы жарлыгына ылайык, ал президенттин учурдагы ыйгарым укуктары аяктай турган 2020-жылдын декабрына чейин мамлекет башчынын милдеттерин аткарышы керек.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү элге...
Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү түшүндүрүү максатында...
Шайлоо 2016-10-05 15:02
Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 10-октябрда «Кыргыз Республикасынын...
Шайлоо 2016-10-11 16:24
ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...
Сегодня 18 октября в пресс-центре ЦИК состоялся... Шайлоо 2016-10-18 22:01 БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын саясий... Шайлоо 2016-10-22 22:19 ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...25 октября в Жалал-Абадской и Ошской областях, состоялись рабочие совещания заместителей... Шайлоо 2016-10-26 12:09 Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...Жалал-Абад облусунда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу боюнча облустук штаб түзүлүп, иштеп... Шайлоо 2016-11-02 03:35 Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...Өлкө боюнча саясий партиялар сунуштаган 7 353 талапкердин ичинен 6 миң 100ү катталды. БШК төрайымы Нуржан... Шайлоо 2016-11-12 13:24 |