KELECHEK
rek

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы 500 адамга ифтарлик уюштурду

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы 500 адамга ифтарлик уюштурду

Жыл сайын Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы калктын түрдүү катмарынан (жаштар, аялдар, ардагер аксакалдар, дин өкүлдөрү, спортчулар, маданият, эл агартуу тармагы, мүмкүнчүлүгү чектелгендер, укук коргоочулар) өкүлдөрдүн башын кошуп ынтымакты, толеранттуулукту, салттуу динди даңазалаган ооз ачыруу “Ифтарлык” уюштурду. Бул тууралуу ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, быйыл да ооз ачырууга жалпы жонунан 500дөй адам келип, даам сызып ак баталарын берип кетишти. Ифтар учурунда биримдикке, ыйманга чакырган баяндар айтылды. Ошону менен катар Жалал-Абад жаштар коому жана маданият кызматкерлеринен уюштурулган “Жарамазан” кайрымдуулук акциясы да жүрүп, чогулган каражаттар мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, карыялар жана балдар үйлөрүнө тапшырыларын белгилешти.

 “Биз, орозо айында элдик каада-салтка айланган жарамазан айтып колунда бар чыгаан инсандардын үйлөрүнө чейин бардык. Бул жышаан орозо айы бүткөнгө чейин айтылат жана топтолгон акча каражаты атайын түзүлгөн комиссия тарабынан урна ачылып, эсептеп тактап жетим-жесирлерге, багар көрөрү жок сыяктуу муктаж инсандарга материалдык жардам беребиз. Албетте, бул акциянын сунуштоочусу эч кимге сыр эмес ал Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилиги. Алар бизге уюштуруу жагынан көмөктөшүүдө”, -  дейт “Жарамазан” кайрымдуулук иш-чарасынын уюштуруучуларынын бири КР эл артисти Рахматулла Козукеев.

Мындан сыырткары, Жаштар коому менен Жалал-Абад ОИИБнын Жол кайгуул кызматы биргеликте айдоочуларга жол эрежесин сактоого үндөп, орозо айында аларга суу жана шириндиктерди тартуулашты. 

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13