KELECHEK
rek

АКШ: судья мигранттарды Мексикага кайтарууга тыюу салган чечим кабыл алды

АКШ: судья мигранттарды Мексикага кайтарууга тыюу салган чечим кабыл алды

Президент Трамп Мексика менен чектешкен аймакта. 6-апрель, 2019-жыл

Сан-Францискодогу федералдык судья Ричард Зийборг АКШдан башпаанек сурап кайрылган адамдарды кайрадан мажбурлап Мексикага кайтарууну убактылуу токтотуу тууралуу буйрук чыгарды. Ал мындай чечимди укук коргоочулар федералдык өкмөткө каршы доо арыз жазгандан кийин кабыл алды.

Доогерлер Дональд Трамптын администрациясы качкындарды Мексиканын чек арага жакын кооптуу шаарларына жөнөтүү менен америкалык жана эл аралык укукту бузуп жатканын билдиришүүдө. Алардын айтымында, кайра артка жөнөтүлгөн мигранттар ал жактарда юридикалык жардам жана берген арызы боюнча угуулар тууралуу маалыматтарды ала албай калышат.

Судьянын чечими 12-апрелде күчүнө кирет. Ага чейин Трамптын администрациясы ал боюнча даттана алат.

Мексика чек арасы аркылуу өтүп, башпаанек сураган адамдарды артка кайтаруу тууралуу жаңы эрежелер быйыл январда күчүнө кирген. Аны бир күн мурда кызматтан кеткен АКШнын ички коопсуздук министри Кристьен Нильсен ишке ашырган. Анын максаты — Мексика чек арасы аркылуу келген мигранттардын агымын азайтуу болгон.

Март айында Гватемала, Никарагуа жана Сальвадор өлкөлөрүнөн АКШга келген мигранттардын саны акыркы он жылдан берки эң жогорку чекке жетип, алардын 100 миңи кармалган.

Бул эрежелер күчүнө киргенге чейин АКШдан башпаанек сураган адамдарга арызы каралганга чейин өлкөдө калууга уруксат берилип келген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52