KELECHEK
rek

Сапар Исаков ага каршы козголгон кылмыш иши "саясий мүнөзгө" ээ экенин билдирди

Сапар Исаков ага каршы козголгон кылмыш иши

9-апрелде мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ЖЭБин жаңылоо учурундагы коррупция иши боюнча соттук отурумдун алдында билдирүү таратты.

Анын айтымында, тергөөнүн жыйынтыктары менен кылмыш ишинин “саясий жана буюртма” мүнөзүнө ээ экени далилденген. Билдирүүдө “ЖЭБдеги аварияга күнөөлүү кишилер жана ЖЭБди 2017-2018-жылдагы күзгү-кышкы жылытуу маалына даярдоодо борбордун эски бөлүктөрүндө сапатсыз ремонт жасагандар жашынып алышып, саясий буюртмаларды аткарышууда”.

“Жеке мени кытай компаниясынын кызыкчылыктарын коргогон деп жөнсүз күнөөлөп жатышат. Долбоорду ишке ашыра турган бул жалгыз компания кимдир бирөө тарабынан эмес, Кытай өкмөтү тарабынан аныкталган. Бул Кытайдын укугу болгон, себеби ал борборду жаңылоо долбоорун каржылаган”, – деген Исаков.

Исавков "ата-энеси жана улуу агалары тарабынан паракорлор менен жемкорлорду жек көргөндөй тарбия алганын" кошумчалаган.

Тергөө ЖЭБди жаңылаш үчүн Кытайдан алынган 386 миллион долларды колдонууда коррупцияга жол берилген деп эсептейт. Бул иштин алкагында айып коюлгандардын арасында мурдагы аткаминерлердин жоон тобу: мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев жана Сапар Исаков, экс-министрлер Осмонбек Артыбаев жана Ольга Лаврова, «Улуттук энергохолдингдин» мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов бар.

3-апрелде башталган ЖЭБдеги коррупция боюнча алгачкы ачык сот процесси көпкө созулган эмес. Айыпталуучулардын бири Айбек Калиевдин адвокаты сотко келбей калгандыктан жараян 10-апрелге жылдырылган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53