Өзбекстанда мамлекеттик кызматкерди сабаган студент 3,5 жылга соттолду
Анжиян медициналык институтунун студенти Хондамир Тургунов Өзбекстан Башкы прокуратурасынын алдындагы Мажбурлап аткартуу бюросунун кызматкерин сабаганы үчүн түрмөгө кесилди.
Өзбекстан Башкы прокуратурасы маалымдагандай, 5-апрель күнү Нарын райондук соту студентти “бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү”, “атайлап денеге залака келтирүү” боюнча күнөөлүү деп таап, 3 жыл 4 айга эркинен ажыратты.
Окуя быйыл 6-февралда болгон. Мажбуралап аткартуу бюросунун кызматкери Абдуллажон Мамадалиев Наманган облусундагы Нарын районунун тургуну Илхомжон Ерматовдун үйүнө алмимент төлөтүү үчүн барган. Карыз 32 760 000 сумду (3,9 миң доллар) түзгөн. Бирок үй ээсинин уулу Хондамир Тургунов мамлекеттик кызматкерди сабап таштаган. Мамадалиевдин колу сынып, ооруканага жаткырылган, Тургунов кармалган.
Расмий маалыматтар боюнча 2018-жылы Өзбекстанда Мажбурлап аткартуу бюросунун 100дөй кызматкери коммуналдык кызматтар үчүн карызы бар адамдар тарабынан кол салууга кабылган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05