Өзбекстанда салыкчылардын жапырт жумуштан бошотулганы тууралуу маалымат четке кагылды
Өзбекстандын Мамлекеттик салык комитети Ташкент шаарынын Шайхантахур райондук салык инспекциясынын кызматкерлери жапырт жумуштан бошотулганы тууралуу маалыматты четке какты.
Мекемеден кабарлашкандай, учурда Шайхантахур райондук салык инспекциясынын жетекчиси гана иштен кетти, калган кызматкерлерди жумуштан бошотуу боюнча буйрук чыккан эмес.
5-апрелде Ташкенттин Шайхантахур райондук салык бөлүмүнүн бардык 133 кызматкери жумуштан айдалганы кабарланган. Өз булактар буйрукту Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев бергенин билдиришкен.
Мирзиёев апрелдин башында видеоселектордук жыйын өткөрүп, бюджетке төлөмдөр аз түшүп жатканы үчүн шаардык салык мекемелеринин жетекчилерин сынга алган.
Маалыматтарга караганда, Ташкенттин 11 районунун жетөө салык боюнча планды аткарган эмес. Мамлекеттик бюджетке 515 миллиард сум (61 миллион доллар) түшпөй калган. Буга байланыштуу райондогу бир нече салык инспекциясынын жетекчилери бошотулган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53