Хожентте дарыяга секирген кызды эки жигит аман сактап калды
Хожент шаарында Сырдарыядагы көпүрөдөн сууга боюн таштаган кызды жолдо өтүп бараткан эки киши сактап калды.
Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитети билдиргендей, суицид аракети 4-апрель күнү таң эрте болгон. 19 жаштагы Очабиби Файзуллоева «Чашнвора» көпүрөсүнөн секирип кеткен. Окуяга күбө болгон эки жигит анын артынан сууга түшүп, куткаруучулар келгенче кызды аман алып калган.
Очабиби Файзуллоева жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Студент эмне себептен өмүр менен кош айтышууга аракет жасаганы аныкталууда. Аны аман алып калган кишилердин аты-жөнү белгисиз. Интернетке тараган видеого караганда, эки жигит көпүрөдөн секирип, суудан кызды алып чыгышкан. Жээкке куткаруучулар келип, ага алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн.
Буга чейин Согди облусунун ички иштер башкармалыгы былтыр 244 жашоочу суицидге аракет жасаганын билдирген. Тажикстанда жыл сайын жүздөгөн аял өз жанын кыюуга бел байлайт. Өзүн-өзү өлтүрүүнүн башкы себептери – үй-бүлөлүк жаңжалдар жана зордук-зомбулук.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05