KELECHEK
rek

Кыргызстан менен Тажикстан жер алмашуу ыктымалдуулугун талкуулады

Кыргызстан менен Тажикстан жер алмашуу ыктымалдуулугун талкуулады

Өкмөт кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча акыркы сүйлөшүүлөр жөнүндө маалымат берди. Ага ылайык, 4-6-апрелде Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өткөн жолугушууда бир нече маселе талкууланды.

Анда эки өлкө ортосундагы чек аранын долбоорлук сызыктарын чийүүнү улантуу, ар кайсы жерде жайгашкан участкаларды жоюу максатында өлкөлөр ортосунда жер алмашуу жана делимитациялык топографиялык карталарды түзүү боюнча сөз жүргөн.

Жолугушууда кыргызстандык делегацияларды эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери Жеңиш Разаков жана Азим Ибрагим жетектеди.

Жолугушуунун жыйынтыгында атайын протокол кабыл алынды.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдан ашат. Анын 55 пайызга жакыны тактала элек.

Чек ара такталбагандыктан улам-улам жаңжалдар чыгып турат. Акыркы жолу, 13-14-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Анын натыйжасында бир нече адам жабыр тартып, Тажикстандын эки жараны каза болгону кабарланган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12