KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков: Апрель революциясынын идеяларын, максатын турмушка ашыруу – биздин ыйык парзыбыз

Президент Сооронбай Жээнбеков: Апрель революциясынын идеяларын, максатын турмушка ашыруу – биздин ыйык парзыбыз

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун  2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революция күнүнө карата кайрылуусу.

«Урматтуу мекендештерим!

Кадырман калайык-калкым!

Бүгүн элдик Апрель революциясынын күнү.

Өлкөбүздү алдыга, жаркын келечекке, өнүгүүгө үндөгөн, элибиздин азаттык сезимин, эркиндик духун, саясий эркин даңктаган улуу күн.

Биздин эл авторитардык бийликти, үй-бүлөлүк-кландык башкарууну эч убакта кабыл албай турганын далилдеди.

7-апрель — жаңы доордун саясий, экономикалык жана коомдук чоң өзгөрүштөрдүн башталышы жана жаңылануунун башаты.

Апрель элдик революциясынын чыныгы баасын, бийик баркын эстен чыгарууга акыбыз жок!

Урматтуу мекендештер!

7-апрель — өлкө тарыхындагы эң маанилүү күндөрдүн бири.

Биз элибиздин эркиндиги, бакубат жашоосу, өлкөбүздүн бүтүндүгү үчүн шейит кеткен мекендештерибиздин каармандыгын эч качан унутпайбыз.

2010-жылдын 7-апрелиндеги кайгылуу окуяларда курман болгондордун эрдигине терең таазим этип, алардын элесин түбөлүккө калтыруу максатында кыргыз элинин адилеттик үчүн күрөшүндө тарыхый мааниге ээ болгон Элдик Апрель революциясынын юбилейлик 10 жылдыгын 2020-жылы белгилөө жөнүндө Жарлыкка кол койдум.

Кадырман кыргызстандыктар!

Апрель элдик революциясы мыйзамдуулук, бийликтин толук ачыктыгы жана адилеттүүлүгү гана элдин ишенимин кайтарып, коомдун ынтымагын жана биримдигин камсыз кылаарын көрсөттү.

Апрель революциясынын идеяларын, максатын турмушка ашыруу — биздин ыйык парзыбыз.

Биздин максатыбыз — өнүгүү жолубуздан тайбай, Кыргызстанды жашоого жана иштөөгө ыңгайлуу өлкөгө айландыруу, эркин, укуктук жана күчтүү мамлекет кылуу.

Кыргызстан эч качан демократиялык багытынан  тайбайт.

Элибизде аманчылык, ынтымак, жергебизде тынчтык болсун!

Жараткан сүйүктүү Кыргызстаныбызды колдосун!»

2019-жыл 7-апрель

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12