KELECHEK
rek

Жалал-Абадда 7-Апрель Элдик революциясынын 9 жылдыгы белгиленди (ФОТО)

Жалал-Абадда  7-Апрель Элдик революциясынын 9 жылдыгы белгиленди (ФОТО)

Жалал-Абад шаарынын “Эркиндик” аянтында 7-Апрель Элдик революциясынын  9 жылдыгы белгиленип, анда ошол учурдагы окуялар эскерилип, курман болгондорго багышталып куран окулду.

Аталган иш-чарага Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, шаар мэри Мураталы Тагаев, элдик революциянын катышуучулары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, ЖОЖдун окутуучулары менен студенттери жана  коомдук бирикмелердин өкүлдөрү катышты. 

Алгач эскерүү иш-чарасына келгендер 2010-жылы 7- Апрель элдик революциясында шейит кеткендердин элесине арналып уюштурулган эстелик-көргөзмөсүнө гүл чамбарларды коюшту.

Жыйында Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев сөз сүйлөп, мындан ары жергебизде тынчтык орноп, элибиздин гүлдөп – өнүгүүсүн  каалады.

- Ар бир мамлекеттин негизги байлыгы бул эл.  Ал эми элдин талабын аткаруу бул мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнүн биринчи  милдети. Тилекке каршы, бул бийлик алмашууда көп жарандарыбыз шейит кетти. Мурда президенттик башкаруу болуп келсе, 9 жылдан бери бизде парламенттик-президенттик башкаруу өкүм сүрүп, мамлекет эл шайлаган өкүлдөр аркылуу башкарууга өттү. Биз ар дайым эл үчүн курман болгондорду эскерүү менен, келечекти курууга сабак алуубуз керек.  Мына ошондо гана  Элдик  революциясынын чыныгы мүдөөсү ишке ашырылат,- деди шаар мэри М. Тагаев.

Андан кийин, сөз алган Өкмөттүн Жалал-Абад облусудагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Элдик революциянын маани-маңызына кеңири токтолуп, мындан ары жергебизде тынчтык, бейпилдик орноп, элибизде ынтымак болушун каалап кетти.

Иш-чарада Жалал-Абад облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Садырбек Качкынбаев аксакал сөз сүйлөп, “Революцияны патриоттор жасап, анын үзүрүн шылуундар көрөт” – деген оюн таамай билдирди. Ошондой эле, аксакал революцияга катышкандардын эмгектери бааланбай, аларды колдоо болбой жаткандыгын да баса белгилеп кетти.

Акырында, анда келгендер 2010-жылы 7-апрелде Бишкекте шейит кеткендерге багышталып куран окулду. 

Ошондой эле, иш-чара соңунда, Апрель окуяларына катышкандарга атайын сый-тамак уюштурулду.

Эске сала кетсек, 2010-жылы 7-апрелде Бишкекте Ак үйдүн жанында үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыккан куралсыз элге качкын президент Курманбек Бакиевдин бийлиги ок чыгарып, андан 87 адам курман болгон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13