KELECHEK
rek

Адвокат Гүлнара Каримова Ташкенттин четиндеги абакта кармалып турганын билдирди

Адвокат Гүлнара Каримова Ташкенттин четиндеги абакта кармалып турганын билдирди

Гульнара Каримова.

Өзбекстандын маркум президентинин улуу кызы Гүлнара Каримова Ташкенттин четиндеги Зангиата аялдар абагында кармалууда. Бул тууралуу анын адвокаты Грегуар Манжа (Grégoire Mangeat) билдирди.

«Жаңы эле Зангиатадагы №21 аялдар абагына келдим. Мында кардарым менен жакшы шарттарда жолугушуу мүмкүндүгүнө ээ болууга аракет кылам», — деп жазган ал 1-апрелде Твиттердеги баракчасына.

2-апрелде адвокат Твиттерге #Каримова деген хэштег менен аталган абактын сүрөтүн жайгаштырып, «№21 Зангиата аялдар абагы. Экинчи күн», — деген жазуу калтырган. .

Бирок бул билдирүүсүндө Грегуар Манжа Гүлнара Каримова менен жолуккан-жолукпагандыгы жөнүндө эч нерсе деп жазган эмес.

2017-жылы декабрда 10 жылга соттолгон 46 жаштагы Гүлнара Каримова былтыр июлда үй камагына чыгарылган. Ал кызы Имандын үйүндө жашап, сыртка чыкпоо, байланыш каражаттарын жана интернет колдонбоо сыяктуу бир катар шарттарды аткарыш керек болчу. Мындан тышкары сот тарабынан мамлекетке келтирген чыгымдарды төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Бирок быйыл марттын башында Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримова үй камагынан жалпы режимдеги абакка которулганын билдирген. Бирок анда башкы көзөмөл органы анын кайсыл түрмөдө кармалып турганын кабарлаган эмес. Мекеменин билдирүүсүндө «үй камагында Каримова сот тарабынан белгиленген эрежелерди бузгандыгына байланыштуу» жалпы режимдеги абакка которулганы жазылган.

Мурдараак – Telia, Vimpelcom жана МТС уюлдук компаниялары Өзбекстандын телекоммуникациялык базарына кирүү үчүн Гүлнара Каримовага миллиондогон пара беришкенин мойундарына алышкан.

Бул билдирүүлөрдөн кийин бир ай мурда АКШ бийлиги Гүлнара Каримовага расмий айып тагып, аны 865 миллион доллар өлчөмүндө «пара алууга» жана «опузалоого» айыптаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53